Ош шаарында декабрда балмуздак жана сүт азыктарын чыгаруучу завод ишке киретМурда алты жолу соттолгон жаран баңгизат менен кармалдыКыргызстанда дары-дармектерди сактоо жана ташууга көзөмөлдү күчөтүү көздөлүүдөКыргызстанда 680 сомдон эт сатуучу дагы 100 павильон ачуу пландалуудаУлуттук госпиталдын көз микрохирургия бөлүмүнө 68 млн сомдук медициналык жабдуулар берилдиЖапонияда Борбор Азияны бирдиктүү турпродукт катары илгерилетүү сунушталды
Кыргызстанда кайра айыл чарба кооперативдери пайда болот
01.02.2024 | 16:56
Кыргызстанда кайра айыл чарба кооперативдери пайда болот. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев билдирди.
Анын айтымында, дыйкандарды бириктирүү аракети көрүлөт.
“Садыр Нуркожоевич, элди жана жерди бириктирейли деп жатат. Кооперативдердин механизми иштелип чыгат. Дыйкандар бириксе аларга жайыт жерлери берилет. Кооперативдерге суугат мезгилинде суу дагы биринчи болуп бөлүнөт. Бул алар үчүн умтулууга шарт болот”, – дейт ал.
Бакыт Төрөбаевдин айтымында, дыйкандар биригүү менен айыл чарба тармагына бөлүнгөн насыя ала алышат.
Аткаминер жайыт комитеттери жоюлгандан кийин жерлери айыл өкмөттөрүнө бөлүнүп берерин айтты.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом