АКШнын көк бөрү боюнча курама командасы каза болгон кыргызстандык машыктыруучусунун үй-бүлөсүнөн кабар алдыКанттагы Жаштар аллеясында беш метрлик «Тоос» жана «Комуз» пайда болдуСловениянын RIKO компаниясы Кыргызстандын энергетика тармагына инвестиция салууну караштыруудаКыргызстанда сентябрдан тарта «үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулунун өлчөмү көбөйөтСалмак категориялары жана упайлар жок: Көчмөндөрдүн улуу күрөшүндө жеңүүчү кантип аныкталат?Үйдөн бир метр аралыктагы курулуш: шаар тургунунун даттануусуна Ош мэриясы эмне деп жооп берди
Кыргызстанда коронавирустан 101 жаштагы бейтап айыкты
03.08.2020 | 11:58
2-августта Кыргызстанда коронавирустан эң улгайган бейтап айыгып ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 3-августта брифингде Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Акматова бейтап 101 жашта экенин айтты.
«Кечээ дагы бир 85 жаштагы бейтап илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарылды. Бул үчүн медицина кызматкерлерине ыраазычылык билдирем. Алардын күжүрмөн эмгегинин артынан ушундай жыйынтык болду», – деп белгиледи ал.
Белгилей кетсек, бүгүнкү күнгө чейин коронавирустан сакайгандардын саны 27 миң 927 адамды түздү.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом