Кыргызстанда ОСАГОну киргизүү мөөнөтү жылдырылат

26.01.2023 | 10:34

Кыргызстанда ОСАГОну (Айдоочулардын жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу) киргизүү мөөнөтү жылдырылат. Бул тууралуу бүгүн, 26-январда Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурлан Шакиев билдирди.

Шакиевдин айтымында, ал 25-январда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен жолугуп, ОСАГОну киргизүүнүн мөөнөтүн жылдыруу тууралуу депутаттардын сунушун айткан.

“Ал киши менен кеңешип, 1-апрелден тарта айып пул салынат деген мөөнөттү жылдыра турган болдук. Президенттин да ушундай тапшырмасы бар экен. 1-апрелден тарта айып пул салынбайт, мөөнөттөрү да узартылат”, – деди ал.

Эскерте кетсек, 25-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар ОСАГОну киргизүү мөөнөтүн жылдырууну сунуштаган.

ОСАГО полиси жок унаа ээлерине эми айып салынат. Аны кантип алуу керек?

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Scroll to Top