Талас: Ат майдандагы мушташ боюнча милициянын түшүндүрмөсү

Талас: Ат майдандагы мушташ боюнча милициянын түшүндүрмөсү

Таластагы Р.Алканов атындагы ат майданда, 30-октябрь күнү көк бөрү оюну аяктагандан кийин массалык мушташ болду деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Reporter.kg′ге облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, ат майданында көрүүчүлөр арасында түшүнбөстүктөр жаралып, эки жаран токмокко алынган.

«Окуяга тийиштүү адамдар баары Талас райондук милициясына камсыз кылынып,  аталган факты маалыматтарды эсепке алуу электрондук журналына катталган. Териштирүү учурунда Бакай-Ата районунун тургундары арыз жазуудан баш тартып, эч кимге доосу жоктугун билдирип, соттук медициналык экспертизадан өтүүдөн баш тартышкан. Учурда текшерүү иштери жүрүп жатат», — деп айтылат маалыматта.

Аталган окуя коомдук жайда болгондугуна байланыштуу эки жаранды токмокко алган Талас шаарынын тургундарына карата административдик чара көрүлүүдө.

Эскерте кетсек, Таласта 25-30-октябрь күндөрү көк бөрү боюнча өлкө чемпионаты өттү. 30-октябрда мелдештин финалдык беттештери болгон. Беттеш аяктагандан кийин көрүүчүлөр ортосунда мушташ чыккан. Уруштун видеосу социалдык тармактарга жарыяланган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>