ЖК Малик Бектургановду башкы прокурор кызматына дайындоого макулдук бердиМаданият министри кыргызстандыктарды Комуз күнү менен куттуктадыБекешев: Балдар үйлөрүндө бир да бала болбошу керекЖК Имангазиев менен Айылчиевдин министрликке талапкерлигин жактырдыКыргызстандыктар баштапкы төгүмү жок турак жай жана унаа үчүн 3 млрд сомдук насыя алыштыОш шаарындагы медколлеждин кызматкери окууга кабыл алуу үчүн акча алууга шектелүүдө
Кыргызстанда санариптик үрөн биржасын түзүү иштери башталды
31.05.2022 | 14:18
Кыргызстанда санариптик үрөн биржасын түзүү боюнча иштер башталды. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өткөн жыйында Айыл чарба министрлигинин алдындагы өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн координациялык кеңешинин катчылыгынын жетекчиси Темирбек Ажыкулов билдирди.
Анын айтымында, долбоор өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбасынын мисалында ишке ашырылууда.
«Биз бул долбоорду баштайбыз жана ал өлкөдөгү өсүмдүк өстүрүүнүн негизги ачкычы болуп, дыйкандарды үрөн менен камсыз кылуу маселесин чечүүгө жардам берет деп үмүттөнөбүз», – деп баса белгиледи Ажыкулов.
Айыл чарба министрлиги санариптик үрөн биржасын түзүүгө өлкөнүн кызыкдар өсүмдүк чарбаларын жана питомниктерин тартууну көздөп жатат.