Өзгөндөгү авариялык абалдагы эки мектепке депутаттар барды

Өзгөндөгү авариялык абалдагы эки мектепке депутаттар барды

Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети Ош облусунун Өзгөн районундагы көчмө жыйынынын алкагында социалдык объектилердин абалы менен таанышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, депутаттар Жылалды жана Ак-Кыя айылындагы мектептерге барышты.

Жылалды айылындагы окуу имараты 1970-жылы курулуп, 2018-жылы авариялык абалда экени аныкталган. Мектеп директору депутаттар менен болгон баарлашууда аталган билим берүү мекемеси район борборунан 7 чакырым алыстыкта жайгашканын жана учурда 551 окуучу окуй турганын маалымдады. Андан тышкары, спорт залдын, компьютердик класстын, ашкананын жоктугун айтып, кыш мезгилдери жылытуу маселеси курч экенин кошумчалады.

Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Токтомамбет Сатышов бул айылга 575 орундуу типтүү мектепти курууга 5 миллион сом бөлүнгөнүн билдирип: «Тендер өткөндөн кийин июнь айынын аягында курулуш иштери башталат», — деди ал.

Ал эми Ак-Кыя айылындагы иш сапарда депутаттар аталган айылда жайгашкан Абдыкеримов атындагы мектептин курулушу белгиленген мөөнөт боюнча жүрүп жатканына күбө болушту. Тагыраагы, окуу имараты ушул жылдын күзүндө ишке берилет.

Андан соң комитет мүчөлөрү Салам-Алик айыл аймагынын Он-Беш-Жаш айылындагы Ж.Примкулов атындагы мектептин абалы менен таанышты. Мектеп район борборунан 53 чакырым асыстыкта жайгашып, 200 окуучу орунга ылайыкталган. Бирок объект авариялык абалда деп табылып, жер титирөөдөн улам дубалдарында жаракалар көп экени белгиленген. Ага ылайык, мектепти жаңылоо үчүн 2 млн сом бөлүнгөнүн айткан Токтомамбет Сатышов: «Калган каражат курулуштун жүрүшүнө жараша бөлүнүп турат», — деди.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: мектеп

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>