Кыргызстанда сасык тумоо менен ооругандардын саны кескин өстү

Кыргызстанда сасык тумоо менен ооругандардын саны кескин өстү

Кыргызстанда сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекцияга чалдыккандардын саны өсүүдө. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, акыркы бир жума ичинде (13-19-ноябрда) республика боюнча курч респиратордук вирустук инфекциянын 4665 учуру жана клиникалык аныкталган сасык тумоонун 1 учуру катталган.

Бардык оорулардын 64,2%ы 14 жашка чейинки балдар — 2869 учур.

Ошондой эле отчеттук жумада COVID-19 инфекциясынын 1 учуру катталды.

«Аба ырайынын муздашы менен сасык тумоодон башка да вирустук инфекциялар, мисалы, парагрипп, аденовирустар, респиратордук синтициалдык вирус, риновирус жана башкалар көбөйдү. КРВИ жана сасык тумоо сыяктуу респиратордук инфекциялардын алдын алуу 2 типте жүргүзүлөт — спецификалык, башкача айтканда эмдөө жана спецификалык эмес», — деп айтылат маалыматта.

Республикада сасык тумоо, КРВИ жана COVID-19 менен ооругандардын саны боюнча эпидемиологиялык абалга мониторинг улантылууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>