Кыргызстанда тайган көргөзмөсү өтөт

Кыргызстанда тайган көргөзмөсү өтөт

Кыргызстанда “Бабалардын баа жеткис мурастары: Тайган” көргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт  жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ушул жылдын 15-июнунда саат 14:00дө Улуттук тарых музейинде президенттин “Инсандын адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу иш-чараларынын жана “Кыргыз тайганы” долбоорунун алкагында кыргыз тайганы тууралуу тарыхый, археологиялык, этнографиялык материалдарды жана артефакттарды чагылдырган тематикалык көргөзмө өтөт.

Көргөзмөгө Президенттин администрациясы, ЮНЕСКО иштери боюнча Улуттук комиссиясынын өкүлү Сабира Солтонгельдиева, тайганчылар катышып, манасчылардын, чыгармачыл топтордун катышуусу менен, архивдик, заманбап фото-видеоматериалдарды көрсөтүү менен коштолот.

2018-жылдан бери “Кыргыз тайганы” долбоорун ишке ашыруу учурунда көптөгөн тарыхый, археологиялык материалдар жана табылгалар аныкталган. Бул көргөзмө аркылуу коомчулуктун кеңири катмарына тайган тууралуу анык маалыматтар жеткирүү пландалууда.

Учурда көргөзмөгө тайган жөнүндө маалыматтарды чагылдырган түрдүү экспонаттарды кабыл алуу жүрүп жатат. Экспонат катары жыгачтан, колодон, чоподон жасалган, таштын, кездеменин, кагаздын же башка материалдар бетине тайгандын элеси түшүрүлгөн буюм-тайымдар каралат. Ошондой эле илимий, адабий, маалыматтык материалдар дагы коюлат. Эң жакшы экспонаттардын ээлерине сыйлыктар каралган.

Көргөзмө 15-июндан 30-июнга чейин өтөт. Мындан сырткары, 25-27- июнь күндөрү Туризм департаментинин календардык планына ылайык, Жалал- Абад облусунун Токтогул районунда “Каракуштун мекени” атуу эл аралык этнофестиваль өтөт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: тайган

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>