Жыл башынан бери 387 этникалык кыргызга кайрылман статусу берилген

2026-жылдын жети айында Кыргызстанда 387 этникалык кыргызга кайрылман статусу ыйгарылды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
Мекеменин маалыматында, бул убакыт аралыгында мындай статус алгандардын эң көбү (351 адам) Тажикстандан келген. Ошондой эле 16 адам Өзбекстандан, 10 адам Кытайдан, 5 адам Орусиядан, 1 адам Ооганстандан келген. Ал эми 4 жаран башка өлкөлөрдөн келген.
Кайрылман статусу атайын мекемелер аралык комиссия тарабынан үч айлык мөөнөттө каралат. Бул статус жарандарга жөлөкпул, пенсия алууга, медициналык тейлөөдөн өтүүгө, билим алууга жана өлкө аймагында иштөөгө укук берет. Кайрылмандын күбөлүгү үч жылга жарактуу. Ушул убакыттын ичинде алар Кыргызстандын жарандыгын алуу үчүн кайрылууга тийиш.
Министрликтин маалыматында, эгемендүүлүк алгандан бери өлкөгө 90 миңден ашуун этникалык кыргыз көчүп келип, алардын 70 миңге жакыны Кыргызстандын жарандыгын алышкан.