Баткен: Былтыр жабыркаган элге үй куруу үчүн канча каражат жумшалган?

Баткен: Былтыр жабыркаган элге үй куруу үчүн канча каражат жумшалган?

Кыргыз-тажик чек арасында 2021-жылдын 28-апрелинде болгон жаңжалдан улам жабыркаган жарандарга үй куруп берүүгө республикалык бюджеттен 559,8 млн сом жумшалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-сентябрда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында каржы министринин орун басары Улан Даникеев билдирди.

Анын айтымында, Баткенде былтыркы чек ара жаңжалында жабыркаган элге жардам берүү максатында бюджеттен 1 млрд 578,4 млн сом каралган. Чыгым 1 млрд 325,6 млн сомду түздү.

“Учурда өкмөт тарабынан тиешелүү иштер жасалып жатат. Мисалы, бир жолу берилүүчү компенсация үчүн 14,5 млн сом, насыя үчүн 12,4 млн сом жумшалды. Жабыркаган жарандарга үй куруп берүүгө республикалык бюджеттен 559,8 млн сом жумшалды”, — деди  Улан Даникеев.

Ал белгилегендей, 2021-жылы Баткен облусунда бардыгы болуп 98 обект курулуп, капиталдык оңдоо жүргүзүү пландаштырылган. Иш жүзүндө 109 объект курулуп, анын ичинде 72 курулуш обекти, 24 капиталдык оңдоо жүргузүлүп, 13 объект таза суу менен камсыз болду.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>