Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун канча ардагери калды?

Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун канча ардагери калды?

Эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министрлигинин маалыматына караганда, ушул жылдын 1-апрелине карата Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 68 ардагери калды.

Алардын ичинен:

12 — Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары;

35 — Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары;

9 — Экинчи дүйнөлүк согуштун мезгилинде фашисттер жана алардын союздаштары тарабынан түзүлгөн концлагерлердин, геттолордун жана башка жайларда мажбурлап кармалган жашы жете элек туткундары болгон адамдардын ичинен;

12 — 1941-жылдын 8-сентябрынан 1944-жылдын 27-январына чейин блокада учурунда Ленинград шаарынын ишканаларында, мекемелеринде жана уюмдарында иштеген жана «Ленинградды коргогондугу үчүн» медалы менен, ошондой эле «Блокадалык Ленинграддын жашоочусу» белгиси менен сыйланган адамдар.

Ал эми өткөн 2022-жылдын 9-майына карата Кыргызстанда жалпы 108 ардагер болгон.

Белгилей кетсек, Улуу Ата Мекендик согуш жылдары фронтко 365 миң кыргызстандык жөнөтүлгөн. Алардын дээрлик 115 миңи үйүнө кайтып келген эмес. 73 адам Советтер Союзунун Баатыры наамына татыган.

Быйыл Улуу Жеңиштин 78 жылдыгына карата согуштун ардагерлерине 100 000 сомдон бир жолку материалдык жардам көрсөтүлөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>