Кыргызстанда вирустук гепатит жуктургандардын саны эки эсе өстү

Кыргызстанда вирустук гепатит жуктургандардын саны эки эсе өстү

Кыргызстанда вирустук гепатит менен ооругандардын саны 2,6 эсеге көбөйдү. Бул тууралуу Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирди.

2022-жылы 2571 учур (37,0) болсо, быйыл 11 айдын ичинде 6,884 учур (97,2) катталган. Вирустук гепатиттин түзүмүндө 96,4% вирустук гепатит А түзөт, 2022-жылы 3416 (34,7) учур, быйыл 6637 учур (93,7) катталган.

Оорунун жогорку деңгээли Баткен (283,9), Ош (157,8), Жалал-Абад (126,8) облустарында жана Ош шаарында (99,6) байкалып, республикалык көрсөткүчтөн 3 эсеге, 1,7 эсеге жана 35,2%га көп болгон.

«Диагностиканын жакшырышына байланыштуу жаңыдан аныкталган өнөкөт вирустук гепатит менен ооругандардын саны 2,6 эсеге көбөйдү, 2022-жылы 3145 (45,2) учур болсо, быйыл 8416 (118,8) учур катталды», — деп билдирет башкармалык.

Оорунун жогорку деңгээли Баткен (242,9), Нарын (175,7), Ош (143) облустарында жана Ош шаарында (149,7) белгиленип, республикалык көрсөткүчтөн тиешелүүлүгүнө жараша 2 эсеге көп болгон.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>