Туунун өзгөрүшү. Байсалов балбан Шаршенбеков менен сүйлөштү

Туунун өзгөрүшү. Байсалов балбан Шаршенбеков менен сүйлөштү

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов буга чейин тууну өзгөртүүгө каршы пикирин билдирген грек-рим күрөшү боюнча дүйнөнүн жана Азиянын эки жолку чемпиону Жоламан Шаршенбеков менен сүйлөшкөнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу  билдирди.

Анын айтымында, президент Садыр Жапаров, УКМКнын башчысы, генерал Камчыбек Ташиев дагы Жоламанды колдойт.

“Балбаныбызга, мамлекет жетекчилиги анын пикирине эч кандай терикпегенин, көңүлгө албасын жеткиздим. Тек гана ийгилик тилешет! Ал Өзбекстанда машыгууда экен. Журналисттер сөздөрүн контексттен жулуп алып чыгарып, ал чоң саясат, сенсация болуп кеткенине өзү таң калып жатат. Мен Жоламанга капа болбо, көңүлгө алба деп айттым. Шаршенбеков далай жеңиштерге жетип, кыргыз туусун көтөрүп, тууну карап ураан ырды ырдап, 7 миллион кыргызга эмоция тартуулаган балбан катары туу боюнча айтканы — ал тууну сүйгөнү”, — деп жазган ал.

Буга чейин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев грек-рим күрөшү боюнча балбан Жоламан Шаршенбеков эл аралык мелдештерде эски тууну көтөрүп чыгам деген билдирүүсүнө социалдык тармак аркылуу жооп берген.

Эскерте кетсек, 20-декабрда Жогорку Кеңеш Кыргызстандын туусун өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоорун жактырган. Тууну өзгөртүү демилгеси Садыр Жапаров тарабынан көтөрүлгөнү белгилүү. Ошол эле учурда элдин көпчүлүгү тууну өзгөртүүгө каршы. Парламент тууну өзгөрткөнү менен жарандар жаңы тууну кабыл албай турганын билдиришүүдө.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>