Кыргызстанда жаңы Үй-бүлө кодекси иштелип чыгат

Кыргызстанда жаңы Үй-бүлө кодекси иштелип чыгат

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун тапшырмасы боюнча жаңы Үй-бүлө кодексин иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун отуруму болуп өттү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жыйынга мамлекеттик органдардын, жарандык коомдун өкүлдөрү, коомдук ишмерлер жана эксперттер катышты.

Жумушчу топ түшүндүргөндөй, Үй-бүлө кодексин иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык топтун милдети заманбап талаптарга ылайыкталган үй-бүлөлүк мамилелерди укуктук жөнгө салуу системасын иштеп чыгуу болуп саналат.

Жаңы документ бардык ратификацияланган эл аралык конвенцияларга жана макулдашууларга, үй-бүлөлүк укук жаатында Кыргызстан өзүнө алган бардык эл аралык милдеттенмелерге ылайык келет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>