Видео: Астанада казакстандык мушкер кыргызстандыкты сабады

Видео: Астанада казакстандык мушкер кыргызстандыкты сабады

Казакстандын Астана шаарында соода-оюн-зоок борборлорунун биринде бокс боюнча экс-дүйнө чемпиону Бейбут Шуменов колунда баласын кармап турган кыргызстандык жаранды сабады. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазды.

Маалыматка караганда, окуя 18-июнда болгон. Алдын ала маалымат боюнча, мушташ алардын балдары чырдаша кеткенден кийин болгон.

Белгилүү болгондой, бул окуяны териштирген участкалык полиция кызматкери ишти жаап койгон. Бирок жабырлануучу тарап окуянын видеосун соцтармактарга чыгаргандан кийин кайра териштирүү башталып, «бейбаштык» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ошондой эле ишти жаап койгон кызматкерге карата кызматтык териштирүү башталган.

Соцтармактарга жарыяланган видеого караганда, Бейбут Шуменов колунда бала кармап турган адамдын жанына келип, аны менен бир-эки ооз сөз алмашып, желкеден кармаган. Кыргызстандык аны ары түртүп, столдогу бир буюмду алып, аны урууга аракет кылып, мушташ башталган. Окуянын күбөлөрү аларды ажыратып, полиция келген.

Казакстандын ички иштер министринин орун басары Кайрат Сунтаевдин айтымында, окуя учурунда кичинекей бала жаракат алган эмес. Учурда кыргызстандык жаран мушкердин жоопко тартылышын талап кылып жатканы белгилүү.

Ал эми мушкердин өзү кафеде мушташып кеткен адам Кыргызстандын жараны экенин полиция бөлүмүнөн билгенин айтат. Ал билдиргендей, кыргызстандык жаран столдун үстүндөгү бычакты алып, ага бычак шилтегенден кийин мушташ башталган.

Эскерте кетсек, Бейбут Шуменов казакстандык кесипкөй бокчу, жарым оор жана биринчи оор салмак категорияларында рингге чыгып жүргөн. 2016-жылы эки салмак катергорияда тең (WBA super жана WBA regular) дүйнө чемпиону болгон биринчи казакстандык мушкер.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: Астана

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>