Түркияга жер титирөөдөн улам кайсы өлкөлөр жардам жөнөттү?

Түркияга жер титирөөдөн улам кайсы өлкөлөр жардам жөнөттү?

Түркиядагы катуу жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуга бир катар өлкөлөр, анын ичинде КМШ өлкөлөрү жардам берүүдө, деп билдирет МИР 24.

Алсак, Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери Түркияга учуп кетишкен. Өлкө президенти Шавкат Мирзиёевдин тапшырмасы менен жабыркаган аймактарга издөө-куткаруу топтору, кинологиялык топтор, атайын техника жана гуманитардык жүк жөнөтүлдү.

Мурунку түнү Молдовадан 55 куткаруучу кырсык болгон аймактарга жөнөп кеткен. Аларды өлкөнүн президенти Майя Санду өзү узаткан. Молдова 12 атайын техниканы алып барат. Ошондой эле урандылардын астынан адамдарды издөө үчүн эки ит жөнөтүшкөн.

Мындан тышкары, Азербайжан, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан жана Грузия да Түркияга куткаруучу топторун жөнөттү.

Белгилей кетсек, Түркиядагы жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу боюнча эл аралык келишимдердин негизинде урандылардын астында калган адамдарды издөөгө жана куткарууга, тазалоого Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 63 куткаруучу Түркияга жиберилген.

Куткаруучулар 20 күнгө жетерлик тамак-аш азыктарын, издөө, куткаруу иштерине тиешелүү шаймандарын өздөрү менен алып кетишкен.

Мындан тышкары, жер титирөөлөрдөн жабыркагандарга жардам үчүн Кыргызстанда акча чогултуу боюнча бирдиктүү депозиттик эсеп ачылды. 

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>