Кыргызстандан 427 баш топоз Тажикстанга өтүп кеткен

Кыргызстандан 427 баш топоз Тажикстанга өтүп кеткен

УКМКнын Чек ара кызматы билдиргендей, Тажикстанга Кыргызстандын тургундарынын 427 баш топозу өтүп кеткен.

2023-жылдын 12-январь күнү КР УКМКнын Ош облусу боюнча башкармалыгынын Чек ара кызматынын чек арачыларына Кыргызстандын жарандары кайрылып, алар жайлоодо 427 баш топозу Тажикстанга өтүп кеткени айтышкан. Аба ырайына байланыштуу чабандар топоздорду өз алдынча таап, издей алышкан эмес.

13-январда Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн ортосунда сүйлөшүүлөр болуп, андан соң топоздор ээлерине кайтарылган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>