Кыргызстандан Өзбекстанга эреже бузууларга байланыштуу 25 тоннага жакын пияз кайтарылды

22-майда Баткен облусундагы «Кызыл-Кыя» фитосанитардык көзөмөл постунда КР Айыл чарба министрлигинин инспекторлору айыл чарба продукциясынын ири партиясын өлкөгө алып кирүү аракетине бөгөт коюшту. Өзбекстандан келген жүктү текшерүүнүн жүрүшүндө ташуу эрежелерин бузуу фактылары аныкталган.
Адистер жалпы салмагы 24,7 тоннаны түзгөн пияздын таңгактарында милдеттүү маркировка такыр жок экенин такташты. Бул Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) карантиндик фитосанитардык көзөмөл талаптарын одоно бузуу болуп саналат.
Регламентке ылайык, жүк ченемдерге жооп бербейт деп табылып, жөнөтүүчүгө — Өзбекстан Республикасына кайтарылып берилди. Министрликтен баса белгилешкендей, өлкөгө ташылып келинип жаткан продукциянын коопсуздугун камсыз кылуу максатында чек аралардагы көзөмөлдү күчөтүү иштери улантылууда.