Самаркандда Жээнбек Кулубаев менен АКШнын мамкатчысы Марко Рубио жолугуштуКыргызстанда кыймылсыз мүлктү каттоону кечиктиргендиги үчүн туум киргизүү сунушталуудаОш шаарындагы эски базардын ордуна эс алуу жайы жана туристтик шаарча курулатЫсык-Көл облусунда миң гектардан ашык кунарсыз жайытка үрөн себиле баштадыЭки оркестр, эки өлкө: Бишкекте кыргыз-швейцар марш-парады өттүКыргызстанда өзгөчө айкалыштагы унаа номерлеринин сертификатын кайра каттоо онлайн форматка өттү
«Ымыркайды эзип кете жаздашты!» — күбөлөр Оштогу КТБдагы тыгынды видеого тартып алышкан
08.07.2026 | 12:52

Оштогу Калкты тейлөө борборундагы (КТБ) үрөй учурган кадрларды күбөлөр Reporter.kg редакциясына жөнөтүшкөн.
Видеодон кезек күткөн адамдар бири-бирин аёосуз кысып, түртүшүп жатканын көрүүгө болот. Тыгындын ортосунда колуна жаңы төрөлгөн ымыркайын көтөргөн жаш эне калып, элдин арасында эне-баланы тепсеп кете жаздашкан.
Башаламандыкка жашаган жери боюнча каттоодон өтүүгө аракет кылган жарандардын жапырт агылып келиши себеп болгон. Каттоосу жок жарандар балдарга берилүүчү мамлекеттик төлөмдөрдү, анын ичинде «балага сүйүнчү» жөлөкпулун ала алышпайт, ошондой эле башка бир катар мамлекеттик кызматтардан да пайдалануу мүмкүнчүлүгүнөн ажырашат.
«Биз бул жерде сааттап тикебизден-тик турабыз! Кары-картаңдар, кош бойлуу аялдар, эмчектеги баласы бар энелер — баары ушул тыгындын ичинде. Күтүү үчүн орундар таптакыр жетишсиз, отура турганга такыр жер жок», — деп нааразы болушту шаар тургундары.
Теги: Кыргызстан, Ош