Кыргызстандык 15 спортчу айына 500 доллар стипендия алышат. Тизме

Кыргызстандык 15 спортчу айына 500 доллар стипендия алышат. Тизме

Кыргызстандан олимпиадалык спорттун түрүн аркалаган алдыңкы 15 спортчу Эл аралык олимпиада комитетинен ай сайын стипендия алат. Бул тууралуу өлкөнүн Улуттук олимпиада комитети кабарлады.

Атлеттер ай сайын 500 доллардан алып турмакчы. Сый акы 2022-жылдын май айынан 2024-жылдын 31-августуна чейин берилет.

Стипендия ала турчу спортчулардын тизмеси:

Акжол Махмудов — грек-рим күрөшү;

Жоламан Шаршенбеков — грек-рим күрөшү;

Алибек Осмонов — эркин күрөш;

Бекболот Мырзаназар уулу — эркин күрөш;

Эрназар Акматалиев — эркин күрөш;

Айсулуу Тыныбекова — аялдар күрөшү;

Мээрим Жуманазарова — аялдар күрөшү;

Айпери Медет кызы — аялдар күрөшү;

Кальмира Билимбекова — аялдар күрөшү;

Владимир Золоев — дзюдо;

Нурсултан Кеңешбеков — жеңил атлетика;

Гүлшаной Сатарова — жеңил атлетика;

Денис Петрашов — сууда сүзүү;

Бекдөөлөт Расулбеков — оор атлетика;

Нурадин Рустамбек уулу — бокс.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ
Тэги: спортчу

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>