Ташиевди отставкага кетирүүгө бардык негиздер бар, — Токтогазиев

Ташиевди отставкага кетирүүгө бардык негиздер бар, — Токтогазиев

Мурунку айыл чарба, тамак-аш, өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин айткандарын сынга алды. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, Ташиев бир гана моралдык жоопкерчиликти сезбестен, Кыргызстандын мыйзамы алдында жооп бериши керек.

Буга чейин Камчыбек Ташиев журналисттерге СИЗОдо каза болгон эки адамдын өлүмү боюнча комментарий берип жатып, мындай учурлар дайыма болуп келгенин айтып, “мындай болбой койбойт деп эч ким кепилдик бере албайт”, деп билдирген.

“Мындай окуялар дайыма болуп турганын билип туруп, “мындай болбой койбойт деп эч ким кепилдик бере албайт” деп белгилегениңер, сиз өзүңүздүн кызматтык милдетиңерге шалаакылык мамиле кылганыңарды тастыктап жатасыңар”, — деп жазган ал.

Ошондой эле, ал президент Садыр Жапаровго кайрылып, аны отсавкага кетирүүгө бардык негиздер бар экенин жазган.

Буга чейин саясат таануучу Марат Казакпаев 10-июнда комадан чыкпай ооруканада каза болгон. Ал камакта эсин жоготкондон кийин гана ооруканага жаткырылган.

Бир жумадан кийин УКМКнын СИЗОсунда «Айыл Банктын» башкармалыгынын төрагасынын мурдагы орун басары Бакыт Асанбаев асынып алган. Жактоочусу жана жакындары анын өз жанын кыйышы мүмкүн эмес экенин айтышууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>