Саламаттык сактоо министрлиги: жарым жылда саламаттык сактоого 30,4 млрд сом бөлүндү22-август: өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаайтКабминде социалдык коргоо тармагындагы негизги көйгөйлөр белгилендиКазакстандагы жол кырсыгынан кыргызстандык жаран каза болдуБишкекте Улуттук педагогикалык форум өтүүдө«Кыргыз керемети» жана «Мосфильм»: кадр артында калган окуялар
Кыргызстандык 4 дзюдочу Paris Grand Slam мелдешине катышат
24.01.2024 | 16:26
Кыргызстандык дзюдочулар Парижде өтө турган Paris Grand Slam (Париж Гранд Шлем) эл аралык мелдешине катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Мелдеш 2-4-февраль күндөрү өтөт. Ага Кыргызстандан 4 дзюдочу катышат.
Курама команданын тизмеси:
– Кубанычбек Айбек уулу – 66 кг;
– Чыңгызхан Сагыналиев – 73 кг;
– Асад Масабиров – 81 кг;
– Эрлан Шеров – 90 кг.
Курама команда улук машыктыруучу Сергей Кладновдун жетекчилиги алдында мелдешке катышат.
Белгилей кетсек, Гранд Шлем мелдештери абройлуу турнирлердин катарына кирет. Бул мелдеште байгелүү орундарга ээ болгон спортчулар дүйнө чемпионаты жана Олимпиада оюндарына катышуу үчүн рейтингдик упайларды ала алышат.