Украинадагы согушка катышкан жаран пробация менен абактан чыкты

Украинадагы согушка катышкан жаран пробация менен абактан чыкты

Украинадагы согушка катышкан Кыргызстандын жараны Аскар Кубанычбек уулу пробация менен абактан чыгарылды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, өкүм бүгүн, 24-январда чыккан. Биринчи май райондук соту Аскар Кубанычбек уулуну Кылмыш-жаза кодексинин 416-беренесинин 1-бөлүгү (жалданмалык) боюнча күнөөлүү деп таап, 7 жылга абакка кескен. Ошол эле учурда ага 3 жылдык пробациялык мөөнөт берип, эркиндигинен ажыратуу жазасынан бошоткон.

Эскерте кетсек, Аскар Кубанычбек уулу Украинадагы согушка катышканы үчүн УКМК тарабынан 2023-жылдын 12-январында кармалган. Ал өзүн «Луганск Элдик Республикасы» деп атаган жикчил аймакта (Украинанын аймагы, Россия тарабынан аннексияланган) Россия тарапта согушка катышкан.

2023-жылдын май айында Аскар Кубанычбек уулу Биринчи май райондук соту тарабынан 10 жылга соттолгон. Кийинчерээк Бишкек шаардык соту өкүмдү күчүндө калтырган.

Соттолгондон кийин Аскар Кубанычбек уулу россиялык Russia Today басылмасына маек куруп, Россиядан жардам сурап, жарандык берүүнү өтүнгөн. Анын кайрылуусунан кийин Россиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарова Аскар Кубанычбек уулуна жарандык берүү маселе боюнча иш жүргүзүлөрүн билдирген.

2023-жылдын август айында Жогорку сот биринчи жана экинчи инстанциялардын Аскар Кубанычбек уулун 10 жылга эркинен ажыратуу тууралуу өкүмдөрүн жокко чыгарып, ишти кайра кароону Биринчи райондук сотко жөнөткөн. Бул ишти башка судья карай турган болгон.

2022-жылы 24-февралда Россия Украинага кол салган. Анда тутанган согуш азыркы күнгө чейин уланып келет.

Кийинчерээк Украинадагы согушка Кыргызстандын жарандары да катышып жатканы белгилүү болгон. Ага байланыштуу Кыргызстандын укук коргоо органдары чет жердеги, анын ичинде Украинадагы согушка катышкан өлкө жарандары мыйзам чегинде жоопко тартыларын бир нече жолу эскерткен.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>