Kyrgyzstan Expo жана Expo Eurasia көргөзмөлөрү 15–17-октябрда «Жаштык Аренада» өтөтКараколдо «Открыткаларга түшпөгөн Кыргызстан» аттуу фотовыставка өтөтКыргызстанда башка айып пулдары бар болсо да эвакуацияланган унааларды кайтарып берүү сунушталуудаБишкекте «БишХолдер» эл аралык стол үстүндөгү ролдук оюндар фестивалы өтөтУлуттук банк чет өлкөлөрдөгү банктардын уставдык капиталына жаңы талаптарды сунуштады — долбоорШакира Бишкекке концертинен бир күн мурун, 17-октябрда учуп келет
Кыргызстандык акчасын криптовалютага алмаштырам деп 100 миң долларынан кол жууду
21.05.2026 | 13:11
Бишкек шаарында бир жаран акча каражатын криптовалютага алмаштырууда алдамчылыкка кабылганын билдирди. Бул тууралуу борбор калаанын ИИББдин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 19-апрелинде укук коргоо органдарына Б.М. аттуу жаран арыз менен кайрылып, белгисиз чет элдик жаранга жана «Д» аттуу жаранга карата чара көрүүнү суранган.
«Абдрахманов көчөсүндө шектүүлөр 100 миң долларды 101 миң 459 USDTга алмаштырып беребиз деген шылтоо менен арыздануучунун ишенимине кирип, анын акча каражатын ээлеп алышкан», – деп айтылат маалыматта.
Бул факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси («Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык») менен кылмыш иши козголгон.
Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.