Бишкекте жакында үч жаңы өнөр жай ишканасы ачылатБишкектеги Улуттук китепканада «Кытайдын Нанкин жумалыгы» башталды26-август: өлкөнүн көпчүлүк аймактарында күн ачык болотЖолдор, спорттук объектилер жана ипподром: Сокулукта кандай долбоорлор ишке ашырылуудаУКМК: №19 абактын жетекчиси пара талап кылууга шектелип кармалдыДүйнөлүк көчмөндөр оюндарында медициналык жардам көрсөтүүчү пункттар уюштурулат
Кыргызстандык балбан кыздар Польшада эл аралык мелдешке катышууда. Тизме
06.11.2020 | 16:09
Кыз-келиндер күрөшү боюнча курама кошуун «Poland Open» эл аралык мелдешине катышууда. Мелдеш 4-ноябрда Варшава (Польша) шаарында старт алган. Кыз-келиндер күрөшү боюнча таймаш 6-7ноябрда өтөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин маалымат кызматынан билдиришти.
Кыз-келиндер мелдешке төмөнкү курамда катышууда:
- Айсулуу Тыныбекова, салмак категориясы – 62 кг;
- Айпери Медет кызы, салмак категориясы – 76 кг;
- Мээрим Жуманазарова, салмак категориясы – 68 кг;
- Нураида Анаркулова, салмак категориясы – 57 кг;
- Назира Марсбек кызы, салмак категориясы – 59 кг;
- Нурбек Изабеков, Башкы машыктыруучу.
Мелдеш аяктагандан кийин, спортчулар 9-ноябрдан 16-ноябрга чейин Спала (Польша) шаарындагы «Олимп Центр» спорт базасында эл аралык окуу-машыгуу чогулмасын өткөрөт.
Белгилей кетсек, мелдештин катышуучуларын Спорттук олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан каржыланган.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт