Дмитрий Константинов: Атомдук технологиялар боюнча бардык суроолорго ачык жооп берүүгө даярбызГерманияда кыргызстандык студент каза болду. Маркум ал жакка сезондук жумушка барганКыргыз улуттук университетинде бүтүрүүчүлөрдөн пара талап кылуу фактысы аныкталдыЖээнбек Кулубаев Сауд Арабиясынын Кыргызстандагы жаңы элчиси менен жолугуштуБишкекте пенсионердин батирин саттырып, 60 миң долларын ээлеп алган шектүү кармалдыАлыскы Зардалы айылына заманбап үйлөр курулат
Кыргызстандык балбан кыздар Польшада эл аралык мелдешке катышууда. Тизме
06.11.2020 | 16:09
Кыз-келиндер күрөшү боюнча курама кошуун «Poland Open» эл аралык мелдешине катышууда. Мелдеш 4-ноябрда Варшава (Польша) шаарында старт алган. Кыз-келиндер күрөшү боюнча таймаш 6-7ноябрда өтөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин маалымат кызматынан билдиришти.
Кыз-келиндер мелдешке төмөнкү курамда катышууда:
- Айсулуу Тыныбекова, салмак категориясы – 62 кг;
- Айпери Медет кызы, салмак категориясы – 76 кг;
- Мээрим Жуманазарова, салмак категориясы – 68 кг;
- Нураида Анаркулова, салмак категориясы – 57 кг;
- Назира Марсбек кызы, салмак категориясы – 59 кг;
- Нурбек Изабеков, Башкы машыктыруучу.
Мелдеш аяктагандан кийин, спортчулар 9-ноябрдан 16-ноябрга чейин Спала (Польша) шаарындагы «Олимп Центр» спорт базасында эл аралык окуу-машыгуу чогулмасын өткөрөт.
Белгилей кетсек, мелдештин катышуучуларын Спорттук олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан каржыланган.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт