Рейтингдик мелдеш. Айпери Медет кызы алтын медаль утту (видео)

Рейтингдик мелдеш. Айпери Медет кызы алтын медаль утту (видео)

Балбан кыз Айпери Медет кызы (76 кг) Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнөлүк рейтингдик мелдештин финалында жеңишке жетип, алтын байге утту.

Айпери Медет кызы бүгүн, 2-июнда мелдештин экинчи күнүндө таймашка чыгып, беттешти квалификациялык айлампадан баштады.

Биринчи кармашында ал казакстандык балбанды, андан кийин чейрек финалда украиналык спортчуну жеңип алды.

Жарым финалда Айпери Медет кызы кытайлык балбан кыздан күчтүү чыкты. Ал 6:3 эсебинде жеңишке жетти.

Ал эми, алтын үчүн беттеште Айпери Медет кызы дагы бир кытайлык спортчу менен күрөшүп, аны 5:3 эсебинде утуп алды. Айпери Медет кызы бул жеңиши менен Кыргызстанга рейтингдик мелдештеги алгачкы алтын байгени алып берди.

Эскерте кетсек, грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча Каба уулу Кожомкул жана Раатбек Санатбаев атындагы дүйнөлүк рейтингдик мелдеш 1-4-июнь күндөрү «Бишкек-Арена» муз аянтчасында болуп өтөт. Ага дүйнөнүн булуң-бурчунан келген 500дөн ашык спортчу катышууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>