Рейтингдик мелдеш: Кыргызстандык балбандар 14 медаль утту

Рейтингдик мелдеш: Кыргызстандык балбандар 14 медаль утту

Бишкекте 1-4-июнь күндөрү күрөш боюнча дүйнөлүк рейтингдик мелдеш өттү.

Таймаштар грек-рим, кыз-келиндер жана эркин күрөш боюнча өтүп, ага дүйнөнүн булуң-бурчунан келген 500дөн ашык спортчу катышты.

Бул мелтеште кыргызстандык спортчулар 4 алтын, 2 күмүш жана 8 коло медаль алышты.

Грек-рим күрөшүнөн Бексултан Махмудов (97 кг), Дастан Кадыров (63 кг) жана Бексултан Назарбаев (82 кг) коло байге тагынды.

Кыз-келиндер күрөшүнөн Айпери Медет кызы (76 кг) алтын, Мээрим Жуманазарова (68 кг) коло утту.

Эркин күрөштөн Алмаз Сманбеков (57 кг), Тайырбек уулу Жумашбек (61 кг), Орозобек Токтомамбетов (70 кг) алтын, Бекзат Алмаз уулу (57 кг), Алибек Осмонов (65 кг) күмүш, Абдумалик Карачев (61 кг), Икромжон Хаджимуратов (65 кг), Эрназар Акматалиев (70 кг), Адилет Маратбаев (79 кг) коло медалга татыды.

Рейтингдик мелдеш. Айпери Медет кызы алтын медаль утту (видео)

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>