Аравандагы айыл өкмөт башчынын иши: Дагы эки шектүү кармалды

Аравандагы айыл өкмөт башчынын иши: Дагы эки шектүү кармалды

Оштун Араван районундагы айыл өкмөт башчынын иши боюнча дагы эки адам кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Белгилүү болгондой, 17-майда Тепе-Коргондун айыл өкмөт башчысы М.М.А. кармалган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү боюнча кылмыш иши козголгон. Ал сугат айдоо жерин башка кызмат адамдары менен сүйлөшүп алып, жеке менчикке чыгарып жиберген деп шектелген.

Экспретизанын жыйынтыгына ылайык, жеке менчикке берилип кеткен жер 7,7 млн сомго бааланат.

Аталган факты боюнча 5-июнда Араван филиалынын «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин кызматкерлери И.А.Х. жана Ж.П.Ю. кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча тергөө амалдары уланууда.

Аравандын Тепе-Коргон айылынын башчысы кармалды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: Ош УКМК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>