Кыргызстандык чабандестер Москвадагы турнирде 3-орунду ээледи

Кыргызстандык чабандестер Москвадагы турнирде 3-орунду ээледи

Москвада өткөн Maxima Masters Eurasia эл аралык финалдык мелдеште Кыргызстандын командасы 3-орунду ээледи.

Маалым болгондой, беттеш Москвада 4-7-август күндөрү өтүп, ага Орусия, Өзбекстан, Беларусь жана Кыргызстандын чабандестери катышты.

Мелдеште кыргызстандык Галимов Ринат менен Турон Maxima Masters Eurasia турниринин абсолюттук чемпиону болушту.

Евразия лигасынын эң күчтүү чабандестеринин бештигин Сабитов Камил менен Фигаро жапты. Спортчулар турнирдин эң татаал маршрутунда бийиктиги 150 сантиметрге чейинки тоскоолдуктар менен эки раундда күч сынашты.

Алтын турдун маршрутунда (140 смге чейинки тосмолор менен) Галимов Ринат жана Каланда 1-орунга ээ болушту. Maxima Masters коло турунун маршрутунда (130 смге чейинки тосмолор менен) Галимов Ринат жана Грей Аргос З-2-орунга ээ болушту. Maxima Masters Eurasia командалык таймашында Кыргызстандын командасы 3-орунду ээледи.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>