Кыргызстандык дарыгерлер үчүн Францияда стажировкаларды уюштуруу каралууда

21.05.2026 | 10:39
КРдин Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Париждеги Жорж Помпиду ооруканасында

Кыргызстандык адистер үчүн Францияда кыска мөөнөттүү окутуу программаларын жана стажировкаларды уюштуруу пландалууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министри Дамир Осмоновдун Париж шаарындагы Жорж Помпиду ооруканасына болгон сапарынын алкагында маалым болду.

КРдин Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматында, биринчи этапта Улуттук госпиталдын офтальмологдорун Париждеги клиникаларга окууга жөнөтүү боюнча уюштуруу иштери жүрүүдө. Мындан тышкары, француз дарыгерлеринин катышуусунда Кыргызстанда мастер-класстарды өткөрүү каралууда.

Бул маселелерди жөнгө салуу үчүн тараптар кызматташуу боюнча меморандум даярдоону талкуулашты. Бул аракеттер 2025-жылы Парижде өткөн кыргыз-француз форумунун алкагында башталган байланыштардын уландысы болуп саналат.

Жорж Помпиду ооруканасы Франциянын кардиология, онкология жана жогорку технологиялык медициналык жардам көрсөтүү боюнча алдыңкы клиникаларынын бири болуп эсептелет.

Scroll to Top