Мыйзамсыз миграция уюштурууга шектелип чет өлкөлүк жаран кармалды

21.05.2026 | 11:10
УКМК тарабынан кармалган шектүү жана жасалма документтер

Жасалма медициналык маалым каттарды жасоо жолу менен мыйзамсыз миграция уюштурууга шектелип, Л.Ц. атуу чет өлкөлүк жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирди.

Атайын кызматтын маалыматында, кармалган жаран Бишкек шаарындагы үй-бүлөлүк медицина борборунун кызматкерлери жана айрым кыргызстандык жарандар менен сүйлөшүп алып, жасалма медициналык маалым каттарды колдонуу аркылуу чет өлкөлүк жарандардын мыйзамсыз миграция каналын уюштуруп жүргөнү аныкталган.

Тинтүү учурунда Л.Ц.нын иштеген жеринен чет өлкөлүк жарандарга виза тариздөө жана узартуу үчүн колдонулган 90дон ашык даяр медициналык маалым кат табылып алынган. Учурда шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

УКМК мыйзамсыз миграцияны уюштургандыгы үчүн КР Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренесине ылайык кылмыш жоопкерчилиги каралганын эскертет. Аталган берене боюнча 3 жылдан 8 жылга чейин эркинен ажыратуу, белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү бир ишмердүүлүк менен алектенүү укугун 3 жылга чейин чектөө, ошондой эле мүлктү конфискациялоо жазасы белгиленген.

Scroll to Top