Кыргызстандык каратэчи Орусиядагы мелдеште күмүш медаль утту

Кыргызстандык каратэчи Орусиядагы мелдеште күмүш медаль утту

Кыргызстандык спортчу каратэ-до боюнча Орусиядагы мелдеште күмүш медалга ээ болду. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясы билдирди.

Маалым болгондой, 31-марттан 2-апрелге чейин Новосибирскте каратэ-до боюнча Бүткүл россиялык мелдештер  — «Ийгилик кубогу» өткөрүлдү.

Мелдештер каратэ-до спортун жайылтуу, күчтүү спортчуларды табуу, достук байланыштарды чыңдоо, спортчулардын спорттук чеберчилигин жогорулатуу жана тажрыйба алмашуу максатында өткөрүлдү.

Бул турнирге Орусиянын 43 аймагынан 1900 спортчу, Казакстандын, Белоруссиянын жана Кыргызстандын спортчулары катышты. «Олимп» мектебинен 15 спортчу катышты.

Мелдештин жыйынтыгы боюнча  16-17 жаштагы өспүрүмдөр арасында 3-орунду Эльнура Ибрайымова (59 кг чейин) ээледи. 14-15 жаштагы өспүрүмдөр арасында 2-орунду Кутман Сатымкулов (57 кг чейин) ээледи. Ал 5 беттеште жеңишке жетип, финалга чыкты. Финалда 6-7 эсебинде утулуп, турнирдин күмүш медалынын ээси болду.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>