Кыргызстанда салттуу музыка жумалыгы өтөт. Программасы

Кыргызстанда салттуу музыка жумалыгы өтөт. Программасы

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Кыргыздын салттуу музыкасы” фонду жана Кыргыз улуттук «Манас» театры менен биргеликте 2023- жылдын 20-25-апрель күндөрү салтка айланган “Салттуу музыка жумалыгын” өткөрөт. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, он тогузунчу ирет өтүп жаткан жумалык ааламдашуу доорунда оозеки салттагы профессионалдык музыкалык искусствону сактоо, өнүктүрүү жана жайылтуу максатында өтүп, салтуу музыка өнөрүн алып жүрүүчүлөрдүн башын бириктирмекчи.

Жумалыктын 1-күнү.  20-апрель – “Манас күнү”

Жумалык А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын жанындагы Т.Сатылгановдун эстелигинин алдында маданий иш- чара менен башталат.

Андан соң Евразиялык Эл аралык университетинде “Салттуу музыкалык искусство” кафедрасынын ачылышы, “Ынтымак” сейил багында “Манас” трилогиясы аталышындагы жаңыча форматта “Манас” эпосун баяндаган концерт тартууланат.

2-күн. 21-апрель – “Дастан күнү”

Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинде “Оозеки салттагы профессионалдык музыкалык искусствону окутуудагы маселелер” деген темадагы тегерек стол жана “Санатчы, дастанчылык өнөр…” боюнча мастер класс өтөт. Ошондой эле “Ынтымак” паркында “Эпос…Дастан…Санат…” аталышындагы концерт Кыргыз улуттук “Манас” театрынын уюштуруусунда өткөрүлөт.

3- күн. 22-апрель – “Күү күнү”

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде “Салттуу музыкалык искусство: күйөрмандар жана заман талабы…” — деген темадагы тегерек стол, ушул эле университетте аспапчылык өнөр боюнча мастер класс, “Ынтымак” паркында жалаң күүлөрдөн турган аспапчылардын концерти тартууланат.

4-күн. 23-апрель – “Кино күнү”

“Манас” кинотеатрында Э. Абдыжапаров режиссёрлук кылган “Сагымбай” көркөм фильми көрсөтүлөт.

5- күн. 24-апрель – “Ыр күнү”

Ош мамлекеттик университетинде “Салттуу маданият жана искусство: сактоо, окутуу жана изилдөө маселелери” деген темада илимий-практикалык конференция жана “Салттуу музыкалык искусстводогу регионалдык стиль” деген темада замандаш салттуу музыканы алып жүрүүчүлөр тарабынан мастер класс, ошондой эле С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында “Түштүк жергесиндеги кайрыктар” аттуу концерт болот.

6-күн. 25-апрель – “Салттуу музыка күнү”

Ош мамлекеттик университетинде “Салттуу маданият жана искусствону изилдөө маселелери” деген темада илимий-практикалык конференция (2-күн), Р. Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармонияда Салттуу музыка күнүнүн урматына жумалыктын жабылыш аземине арналган искусство ишмерлеринин гала-концерти уюштурулат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>