Таластын тургуну милиция кыйноо көрсөткөнүн билдирди (сүрөт)

Таластын тургуну милиция кыйноо көрсөткөнүн билдирди (сүрөт)

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда шектүү катары кармалган Таластын тургуну милиция тарабынан кыйноого кабылганын билдирди. Бул тууралуу Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борборунан кабарлашты.

Маалым болгондой, 3-апрелде аталган борбордун Таластагы өкүлчүлүгүнө Талас облустук милициянын убактылуу кармоочу жайынан маалымат түшкөн. Анда камакка алынган 20 жаштагы Д.У. аттуу жаран 2-апрелде Токтогул районунун Өзгөрүш айылынын милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери жана участкалык милиционер тарабынан кыйноого кабылганы тууралуу айтылган.

Маалымат түшөрү менен аталган борбордун кызматкерлери убактылуу кармоочу жайга барып, камакта отурган жарандан кабар алган. Аны сыртынан кароо учурунда мойнунда, көкүрөк тушунда жана колдорунда тырык, канталаган тактар болгон.

«Арыздануучунун айтымында, милиция кызматкерлери аны чыканагы, колдору менен көкүрөккө ургулаган, колдору менен муунтуп, ал бир нече жолу эсинен танган. Андан тышкары, ага желим дубинка менен зордуктоо боюнча коркутуулар болгон. Белгилүү болгондой, кыйноолор менен бир нече кылмышты моюнуна алдыруу аракети жасалган. Арыздануучу ал кылмыштарды жасабаганын билдирди», — деп айтылат маалыматта.

Борбордун кызматкерлери Стамбул протоколун толтуруу жана жабырлануучуга медициналык жардам көрсөтүлүшү үчүн тез жардам чакырган. Ошондой эле, ал жарандан тиешелүү арыз алып, денесиндеги жаракаттар тууралуу акт түзүлгөн. Аны менен бирге анын сүрөттөрүн жарыялоого уруксат алынган.

Аталган документтер менен коштомо кат Талас облусунун прокуратурасына жөнөтүлгөн.

Белгилей кетсек, аталган жаран мал уурдоого шектелип кармалган. Милициянын маалыматы боюнча, ал Таластан уй уурдап, Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда мал базарда сатууга аракет кылган. Ал 2-апрелде Токтогул райондук милициясы тарабынан кармалып, андан кийин Талас шаардык милициянын кызматкерлерине өткөрүлүп берилгени кабарланган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>