Кыргызстандык кош бойлуу кыз Москвада жыныстык катнаштан кийин каза болду

Кыргызстандык кош бойлуу кыз Москвада жыныстык катнаштан кийин каза болду

Москвада кыргызстандык кыз каза болду. Бул тууралуу «Московский комсомолец» басмасы жазды.

18 жаштагы Макар (аты өзгөрдү) 23 жаштагы Кыргызстандык Альбина менен үч ай мурун жаңы жумушка орношкондо таанышкан. Алар Москванын түштүк аймагында жайгашкан тез татым ресторанында иштешкен. Бир неече убакыт сүйлөшүп жүрүп, кыз-жигит болушкан.

20-декабрда жигит Альбинаны киного чакырган. Ал эми экинчи күнү болсо кыз-жигит катары алгачкы жолугушуусу болмок. Тилекке каршы, жолугушуу өкүнүчтүү аяктаган. Альбина жыныстык катыштан кийин кансырап, эс учун жоготуп койгон.

«Фонтандай эле кан атты. жардам берүүгө аракет кылдым, андан кийин тез жардам чакырдым», — дейт Макар.

Дарыгерлер кызды сактап кала алышкан эмес. Адистердин айтымында, кыз кош бойлуу болгон жана жыныстык катнаш убагында маткалык каноо болуп, жүрөгүн согушун токтотуп койгон.
Жаш жигит шок абалда калган. Ал курбусунун кош бойлуу болгонунан кабары жок болчу. Бирок кыз кош бойлуулук тууралуу бираз кеп кылган киного барган мезгилде эч нерсе жей албай жөн гана суу ичип аткандыгын айткан. Тажрыйбасыз жаш жигит анын айткандарына маани берген эмес. Тергөөчүлөр кыздын өлүмүнүн себебин иликтешүүдө.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>