Татарстанда кыргыз мигранттар кайсы тармактарда иштей алышат?

Татарстанда кыргыз мигранттар кайсы тармактарда иштей алышат?

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Татарстан Республикасынын өнөр жай жана соода министринин орун басары Родион Карпов менен кыргызстандыктарды ишке орноштуруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады. Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жыйында курулуш жана нефтехимия тармагында жумушка орношуу мүмкүнчүлүгү талкууланды.

«Президент С.Жапаровдун биринчи жарлыктарынын бири коопсуз эмгек миграциясы үчүн шарттарды түзүү жөнүндө жарлыгы болду. Бул жарлыкты ишке ашыруунун алкагында Эмгек министрлиги келген өлкөлөрдө биздин жарандарга, биринчи кезекте мыйзамдуу ишке орноштуруу жана эмгек укуктарын коргоо маселелери боюнча ар тараптуу колдоо көрсөтүүдө. Биз эмгек мигранттарын эмгек акысын өз убагында төлөп, социалдык пакеттин болушу менен ишке орноштурууга кызыкдарбыз», — деп түшүндүрдү Кудайберген Базарбаев.

Өз кезегинде министр Татарстандан келген кесиптештерине кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, аларды ушул жылдын июль айында Кыргызстанда өтө турган эмгекти жөнгө салуу боюнча эл аралык конференцияга чакырды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>