«Жети-Өгүз» санаторийин реконструкциялоо иштери 2027-жылдын жазында бүтөтКумайык» борборунда мобилдик ветклиника пайда болдуСыймык Жапыкеев президенттикке талапкерлигин көрсөтүү үчүн БШКга арыз бердиБишкекте Роза Айтматованы акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттүКыргызстанда 2027-жылдан тарта айрым пенсиялар жогорулайтИзраилдеги шайлоо: рекорддук катышуу, бирок эч бир блок көпчүлүккө ээ боло алган жок
Кыргыз жарандарына Орусияга кирүүгө тыюу салуу маселеси талкууланды
29.07.2024 | 19:03
Кыргыз жарандарына Орусияга кирүүгө тыюу салуу учурлары көбөйүп, аэропорттордо узак текшерилүүдө. Бул тууралуу тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев Орусиянын элчиси С.Вакунов менен жолугушууда билдирди.
Кыргыз тарап аталган маселелерге тынчсыздануусун айтты.
“Ошону менен бирге, ал россиялык тараптын өлкөдөгү коопсуздукту камсыздоого багытталган чараларын кыргыз тарап түшүнүү менен кабыл аларын белгиледи”, – дейт ТИМ.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом