Кыргызстандык окуучу Владимир Путин менен баарлашты (видео)

Кыргызстандык окуучу Владимир Путин менен баарлашты (видео)

Кыргызстандык окуучу Чынара Тилекматова Россиянын президенти Владимир Путин менен баарлашып, өзүнүн кыялдары тууралуу айтып берди.

Владимир Путин онлайн-баарлашуу аркылуу «Большая перемена» сынагынын катышуучулары менен жолугушуу өткөрдү. Анда Бишкектен келгенин айткан Чынара Тилекматова Россия кызматташтык уюмунда ыктыярчылык менен алектенерин жана «Росскызматташтыктын» «Здравствуй, Россия!» программасы боюнча Крымга барганын жана долбоор тууралуу “Русский дом” аркылуу укканын билдирди.

 «Большая перемена» тууралуу»  Россия кызматташтык уюмунан уккам. Бул сынак мүмкүн болбогонду мүмкүн кылат, анткени менин 3 кыялым бар болчу. Биринчи кыялым — сиз менен таанышып, баарлашуу. Экинчи кыялым — Россиядагы мыкты жогорку окуу жайга тапшыруу. Үчүнчү кыялым — «Артекке» баруу. Бүгүн бул кыялым орундалды.

Бул сынакты жеңип, финалист болуп, Россиядагы мыкты жогорку окуу жайда окуйм деп үмүттөнөм. А мен Эл аралык мамлекеттик университтин юриспруденция бөлүмүндө билим алгым келет. Өз муундагыларымдын баарына окшош болгум келет, анткени баары Россияда билим алган. Эми мен да бул жакта окуйм», — деди Чынара.

Владимир Путин кыздын үй-бүлөсүндө Россиядан билим алуу жакшы салт экенин белгилеп, «Бул салт сакталып, сендей жаштарга берилип жатканы абдан жакшы. Мен сага ийгиликтерди каалайм. Бизге ушундай ийгиликке умтулган, таланттуу жаштар керек», — деди.

 

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>