ЖКда жашы жете электерге байланышкан иштер боюнча тергөө аракеттерине даттануулар айтылды
Депутат Исманали Жороев Жогорку Кеңештин жыйынында Кылмыш-жаза кодексинин 154, 155, 157 жана 158-беренелери боюнча иштерге байланыштуу жарандардын кайрылуулары көбөйгөнүн билдирди.
Анын айтымында, ага 500дөн ашык жарандардын ата-энелери кайрылган. Алар 16-май күнү Горький паркында тынчтык акциясын өткөрүүнү пландап жатышат.
Жороев белгилегендей, бул иштердин арасында күнөөсү барлар да, ошондой эле жакындары «подстава болду» деп эсептеген учурлар да бар. Ал мисал катары бир жаран 5 жылга соттолгонун, дагы бири учурда СИЗОдо экенин айтты.
Ошондой эле депутат айрым учурларда ири суммадагы акча талап кылуу фактылары тууралуу маалыматтар бар экенин кошумчалады. Айрым жарандардын айтымында, 100 миң долларга чейин же миллиондогон сом талап кылынган учурлар кездешкен.
«Бул фактылар тиешелүү органдар тарабынан кылдат текшерилиши керек», — деди ал.
Депутат ар бир иш боюнча мыйзам чегинде, калыс жана ар тараптуу иликтөө жүргүзүүнү, жарандардын укуктарын коргоону камсыздоону сунуштады.