Кыргызстандык студенттер ядролук медицина үчүн тутум иштеп чыгып, эл аралык хакатондун финалына өтүштү

15.05.2026 | 14:28

Бишкекте Кыргыз-Орус Славян университетинин (КОСУ) базасында «Росатомдун» колдоосу менен «Глобал Хакатом» эл аралык студенттик чемпионатынын улуттук этабы өттү. 24 саат бою беш университеттен (КОСУ, Ж. Баласагын атындагы КУУ, И. Раззаков атындагы КМТУ жана И. Ахунбаев атындагы КММА) түзүлгөн 13 команда ядролук медицина жаатындагы практикалык кейстердин үстүндө иштешти.

Жеңишти Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын «Hot Spot» командасы багындырды. Студенттер позитрондук-эмиссиялык жана компьютердик томографияны жүргүзүүнүн натыйжалуулугун жана ага уруксат берилишин эсептөөчү универсалдуу тутумду иштеп чыгышты. Дал ушул команда 2026-жылдын сентябрь айында Эл аралык жаштар фестивалынын алкагында Россияда өтө турган «Глобал Хакатом» гранд-финалында Кыргызстандын намысын коргойт.

Хакатон менен катарлаш Томск политехникалык университети менен КОСУнун ортосунда «Медициналык физика» биргелешкен билим берүү программасын ишке киргизүү жөнүндө келишимге кол коюлду. Программаны иштеп чыгууда өнөктөш катары «Росатом Технологии Сооружения» компаниясы чыгууда.

«Өткөн хакатон жаңы муун ядролук технологияларды өнүктүрүүдө сапаттуу секирик жасоого жөндөмдүү экенин көрсөттү. Медициналык физика боюнча келишимге кол коюу — бул Кыргызстандын жаш таланттары дүйнөлүк деңгээлдеги компетенцияларды дал ушул жерде жана азыр алышы үчүн ташталган жалпы кадамыбыз», — деп билдирди «Росатомдун» Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Дмитрий Константинов.

«Глобал Хакатом» дүйнөнүн 15 өлкөсүндө өтүүдө. Улуттук этаптардын жыйынтыгы боюнча 15 команда Россиядагы финалда күч сынашат.

Scroll to Top