«Манас» аэропортун реконструкциялоого 130 млн доллар сарпталатУКМК: Баткен облусунда Тажикстанга малды мыйзамсыз өткөрүү каналы аныкталдыКыргызстанда майыптыгы бар адамдарды жумушка алуудан баш тарткандар үчүн айып салуу сунушталууда — мыйзам долбоору2027-жылы Жогорку Кеңештин чыгымдары 216 млн сомго көбөйтүлөтКочкордон чыккан көмүр Бишкек ЖЭБине темир жол аркылуу биринчи жолу жеткирилдиБишкекте балдардын КРВИ оорусу боюнча телефон аркылуу кеңеш берүү кызматы ишке кирди — байланыш номурлары
Бишкек шаарында үч эм төрөлдү
15.05.2026 | 14:43

Бишкек шаарындагы №2 клиникалык төрөт үйүндө операция жолу менен үч эм төрөлдү. 30-апрелинде борбор калаанын 36 жаштагы тургуну бир уул жана эки кызды дүйнөгө алып келди.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматында, эркек баланын салмагы 1730 граммды, кыздардын салмагы 1590 жана 1460 граммды түздү.
Бейтап төрөт үйүнө 22-апрелде эрте төрөт коркунучу менен түшкөн. Ооруканада ага дем алуунун бузулуу синдромунун алдын алуу чаралары көрүлгөн. Төрөт кош бойлуулуктун 32-жумасында ишке ашкан.
Учурда ымыркайлар жетилбегендигине байланыштуу жаңы төрөлгөн балдардын реанимация бөлүмүнө которулуп, жасалма дем алдыруучу аппараттын жардамы менен багылууда. Эненин жана балдардын абалы туруктуу.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом