Бишкекте алдамчылык менен шугулданган адам кармалды

Бишкекте алдамчылык менен шугулданган адам кармалды

Бишкекте бир катар кылмыштарга шектүү делип Чүй облусунун 1983-жылы туулган тургуну кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка караганда,  2023-жылдын февраль айында Чүй облусунун тургуну Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнө өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык боюнча чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Арыз ээсинин айтымында, белгисиз бир жаран “Лексус” же “Тойота Ленд Крузер” үлгүсүндөгү жол тандабас унааларын сырттан айдап келип берем деген шылтоо менен жабырлануучунун ишенимине кирип, 17 миң АКШ доллардан жана 100 миң сомдон ашык акчаларын ээлеп алган.

Аныкталгандай, алдамчылык менен алектенген жаран ар дайым акчаны алуу үчүн жаңы жолдорду ойлоп таап, жабырлануучунун ишенимине ээ болуп, алдамчылык жол менен бир жыл бою акча каражатын алып турган. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 3-бөлүмү “Алдамчылык” боюнча кылмыш иши козголгон.

Мындан тышкары, ушул жылдын жаз айларында жогоруда аталган жаран Д.А. унаа сатып алууга жардам берем деп, Чүй облусунун тургунунан 12 миң АКШ долларын алдап алганы аныкталган. Шектүүнүн убадасына ишенген аял бардык акчасын берген. Бул факты боюнча да Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 3-бөлүмү “Алдамчылык” боюнча кылмыш иши козголгон. 2023-жылдын май айынын аягында жаран Д.А. издөөгө алынган. Ошондой эле, анын алдамчылык иштеринен жабыр тарткан башка жарандар да бар. Буга чейинки кылмыш иши башка сотто каралууда.

Жогорудагы шектүү жаран унааларды алмаштыруу, сатып алуу, сатуу боюнча ортомчулук кызматтарды сунуштап, жарандардын ишенимине кирип келген. Ал ар дайым “кийинки кардар” менен достук мамиле түзүүгө аракет кылган, андан кийин акчаларын ээлеп алган. Адегенде ар кандай шылтоолорду ойлоп таап, кийин такыр изин жашырып кетип жүргөн.

ИИМ кызматкерлери тарабынан издөөдө жүргөн жарандын жүргөн жери аныкталып, Бишкек шаарынын аймагынан ижарага алган батиринде жашынып жүргөн жеринен кармалган.

Кармалган жаран Д.А. мурда бир нече жолу соттолгон, сот тарабынан камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалган. Учурда Чүй облусунун Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматы тарабынан ири өлчөмдөгү алдамчылык фактысы боюнча кылмыш иштери боюнча тергөө иштери аяктады. Иштин материалдары сотко жөнөтүлдү.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>