Кыргызстандык жаш куткаруучулар эл аралык мелдеште 2-орунду ээледи

Кыргызстандык жаш куткаруучулар эл аралык мелдеште 2-орунду ээледи

Азербайжан мамлекетинин Габала шаарында өткөн «Жаш куткаруучу» балдардын эл аралык мелдешинде Кыргызстандын атынан барган команда 2-орунду багындырды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, аталган беделдүү делген эл аралык мелдешке Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгы жана Куткаруу кызматынын адистери даярдаган курама команда өлкөнүн атынан барып, күч сынашты.

«Жаш куткаруучу» эл аралык балдардын мелдеши негизги 3 бөлүктөн туруп, алар тилкедеги тоскоолдуктарды басып өтүү, өрт эстафетасы жана издеп-куткаруу боюнча өттү.

Ошондой эле ар бир мамлекеттин бай тарыхы, маданияты, туристтик жайлары балдар тарабынан презентацияланды. Белгилей кетсек аталган эл аралык балдардын мелдешине 6 мамлекеттен 13-17 жашка чейинки улан-кыздардан турган курама командалар катышты.

Келечек муунду куткаруучу кесибине үндөөнү жана өлкөлөр ортосундагы бул багыттагы кызматташтыкты бекемдөө максатында уюштурулуп келе жаткан мелдешке Кыргызстан, Азербайжан, Түркия, Өзбекистан, Пакистан, Казакстан мамлекеттери катышышты.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>