Ноябрдын башында кыргызстандыктар 5 күн катары менен эс алат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өндүрүштүк календарында көрсөтүлгөн.
Бул жылы 7-8-ноябрь — Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү шейшемби жана шаршемби күндөргө туш келет. Мындан мурда министрлер кабинети 6-ноябрь — иш күнүн (дүйшөмбү) 11-ноябрга жылдырууну бекиткен.
Ошентип, кыргызстандыктар 4-ноябрдан 8-ноябрга чейин эс алып, 11-ноябрда иштешет.
Ошондой эле мектеп окуучуларынын каникулу дагы башталат, ал 6-ноябрдан 12-ноябрга чейин созулат, сабактар 13-ноябрда башталат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз