Кыргызстандыктар аралаш мушташ боюнча дүйнө чемпионатында 13 медаль утушту

Кыргызстандыктар аралаш мушташ боюнча дүйнө чемпионатында 13 медаль утушту

‌Кыргызстандыктар аралаш мушташ боюнча дүйнө чемпионатында 13 медаль утушту (GAMMA боюнча). Бул тууралуу аталган спорт түрү боюнча федерациядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, турнир 23-27-март күндөрү Амстердамда (Нидерланды) өттү. Ага 40 өлкөнүн өкүлдөрү катышты. Кыргызстандан 15 спортчу барды. Биздин мушкерлер эки алтын, күмүш жана тогуз коло байгеге ээ болду.

«Биз күчтүү команда чогулттук, жигиттер өздөрүнүн мыкты сапаттарын көрсөтүштү», — дейт машыктыруучу.

Алардын категориялары боюнча биринчи орунду Муртазали Магомедов менен Бахтияр уулу Ильер ээледи. Экинчи орунда Махабат Орозбекова менен Дастан Сулайманов болду. Бегайым Акбалаева, Рустамбек кызы Айназик, Айтегин Айбеков, Александр Кононенко, Бактыбек уулу Акбар, Маратбек уулу Арген, Таалайбек уулу Адис, Чагатай Туратбеков жана Эсентур Касиев үчүнчү орунду ээлешти.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>