Төрөбаев: Доллардын курсунун түшүшү менен товардын баасы да түшүшү керек

Төрөбаев: Доллардын курсунун түшүшү менен товардын баасы да түшүшү керек

Доллардын курсунун түшүшү менен товарлардын да баасы түшүшу керек. Мындай пикирин Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучусу Бакыт Төрөбаев Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде депутаттын суроосуна жооп берип жатып билдирди.

“Доллардын наркы түшкөнүнө жараша товарлардын да баасы түшүшү керек. Ишкерлер доллардын баасына жараша азык-түлүктөрдү  көтөрүп жатат, доллар түшүп жатса, ошого жараша баасы да кошо түшүшү керек.  (ред. Украина-Орусия кырдаалын эске алганда) Экинчиден реэкспорт (бир өлкөдөн товар алып экинчи өлкөгө сатуу) деңгээлин көтөрүшүбүз керек. Кытай менен тыгыз, Өзбекстан менен дагы тыгыз иш алып барышыбыз керек. Анткени, биз ЕАЭБдебиз. Алар бул уюмга мүчө эмес. Орусиядан Кыргызстанга айти адистери келип жатышат.  Буларга шарттарды түзүп бергенге токтомдор, буйруктар чыгат. Реэкспортту жакшы жолго коюшубуз керек. Анткени, акча потоктору келет”— деди.

Ушул тапта Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучусу Бакыт Төрөбаевдин талапкерлиги каралып жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>