Кыргызстандыктардын АКШ визасын алуудагы маселелери талкууланды

Кыргызстандыктардын АКШ визасын алуудагы маселелери талкууланды

1-сентябрда Кыргызстандын АКШ жана Канададагы элчиси Бакыт Аманбаев АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк Азия жана Борбор Азия өлкөлөрү боюнча жардамчысынын орун басары Брайан Стиммлер менен жолугушту. Бул тууралуу элчиликтен билдиришти.

Жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы көйгөйлүү маселелер жана аны чечүүнүн жолдору талкууланган.

Бакыт Аманбаев АКШнын Бишкектеги элчилигинде Америкага виза алууга кезекке турган кыргызстандыктардын саны барган сайын көбөйүп бара жаткандыгын айтып, визалык режимди жеңилдетүүгө көмөк көрсөтүүнү суранган.

Аны менен бирге элчи АКШга окууга өткөн кыргызстандык студенттерге виза берүүнү жеңилдетип, алар үчүн өзүнчө кезек уюштурууну жана туристтик визанын мөөнөтүн беш жылдан он жылга узартуу зарыл экенин белгилеген.

Брайан Стимлер элчи айткан виза алууга байланыштуу көйгөйдүн себептерин иликтеп, маалымат берүүнү убада кылган.

«Жолугушуу учурунда Бакыт Аманбаев АКШ тарабынан Оруссияга карата киргизилген эл аралык санкциялардан улам, айрым кыргызстандык ишканалардын акчалары америкалык банктар тарабынан кармалып жаткандыгын баса белгилеп, аны чечүү боюнча өз сунуштарын ортого салды. Натыйжада, тараптар аталган маселени жакынкы келечекте чечүүнү тездетүү максатында АКШнын жоопкерчиликтүү мамлекеттик органдарынын катышуусунда эки тараптуу жана көп тараптуу жолугушууларды өткөрүү боюнча макулдашышты», — деп айтылат маалыматта.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>