Ошто коомдук унааларга кассалык аппараттар орнотулду

Ошто коомдук унааларга кассалык аппараттар орнотулду

Ош шаарында автобус жана троллейбустарга кассалык аппараттар орнотулду. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалым болгондой кассалык аппараттар шаардык муниципалдык автоунаа ишканасы тарабынан орнотулган. Накталай эмес төлөм жүргүзүү үчүн электрондук картаны Түштүк-Чыгыш жана ХБК кичи райондорундагы троллейбустардын акыркы аялдамаларындагы контролдук пункттардан, автоунаа ишканасынан сатып алууга болот. Ошондой эле шаардагы жогорку окуу жайларда электрондук карталарды сатуу пункттарын ачуу пландалууда.

«Эске салсак, транспорттук электрондук картанын үч түрү бар: студенттер үчүн, пенсионерлер үчүн жана башка жүргүнчүлөр үчүн. Жол кире акысы накталай 10 сом, карта менен 8 сом», — деп айтылат маалыматта.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>