Кыргызстандын аймагында күн кескин сууктап, үшүк жүрөт

Кыргызстандын аймагында күн кескин сууктап, үшүк жүрөт

Кыргызстандын аймагында 31-октябрда эрте менен күндүз жана 1-2-ноябрь күндөрү аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт. 31-октябрда күндүз жана 1-2-ноябрда абанын температурасы төмөндөйт.

— Чүйөрөөнүндө түнкүсүн 1…6 градус, айрым жерлерде 0…-2° үшүк, күндүз 7…12°;

— Талас өрөөнүндө түнкүсүн 1…6°, айрым жерлерде -1…-3° үшүк, күндүз 6…11°;

— Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 2…7°, күндүз 14…19°, Ош, Баткен облустарынын тоо этектеринде түнкүсүн 1…6°, айрым жерлерде -1…-3° үшүк, күндүз 5…10°;

— Ысык-Көлойдуңунда түнкүсүн 1…6°, айрым жерлерде 0…-2° үшүк, күндүз 6…11°;

— Нарыноблусунун дыйканчылык аймактарында 0…-5°, күндүз 6…11° жылуу болушу күтүлөт.

Республиканын тоолуу райондорунда түнкүсүн -3…-8° суук, күндүз 1…6° жылуу, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -9…-14°, күндүз 0…-5° суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика, коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Мындай үшүктүн жүрүшү мөмө жана жашылча жемиштерге, казылып алынган жана жабылбаган картошка үчүн коркунучтуу.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>